Депутат: "Улуттук статистика комитети өкмөттүн алдындагы менчик ишкана болуп калыптыр"

Депутат Руслан Казакбаев жаныбарлардын саны боюнча Улуттук статистика комитети менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматы ар кандай болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

"Улуттук статистика комитетине аркарлардын саны боюнча маалыматты ким берип жатат? Эки мекеменин ортосунда жаныбарлардын кээ бир сандарында айырма болуп жатат. Статистика комитетине баарыбыз ишенип жатабыз. Бардык көрсөткүчтөрдү эл аралык уюмдарга статистика комитети берүүдө. Эгерде алар ушинтип иштеп жатса, анда Улуттук статистика комитетинин эмне кереги бар? Алардын экономикалык көрсөткүчтөрдү каалагандай көрсөтүп койгонго мүмкүнчүлүгү бар экен да. Улуттук статистикалык комитет өкмөттүн алдындагы менчик ишкана болуп калыптыр", - деди ал.

Казакбаевдин сөзүн депутаттар колдошуп, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы шек жаратып жатканын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан