Кичин - 1 миллион 200 миң евро, Люкс - 100 миң евро. Кыргыз футболчуларынын трансфердик баасы канча?

Футбол өлкөбүздө жылдан жылга өнүгүп, 2018-жылы Кыргыз улуттук курама командабыз алгачкы ирет Азия Кубогунда күч сынашууга мүмкүнчүлүк жеңип алган. 2019-жылдын башында Кыргыз курамабыз БАЭде өткөн Азия Кубогунда жарым чейрек финалга чейин чыгып, кыргыз футболунун келечеги бар экенин көрсөттү. Интернационалдуу курама командабызда ойногон футболчулар Кыргыз өлкөсүнүн лигасында гана оюн көрсөтпөй, Германия, Орусия, Польша, Малайзия жана башка мамлекеттердин ар түрдүү лигаларында күч сынашып келишет.

SUPER.KG порталы Кыргыз курама командасында ойногон футболчуларынын трансфердик баасын билип, сиздердин назарыңызга тизмени коёт. Бул тизмеде чет элдик лигаларда ойногон же ойноп келген гана кыргыз футболчуларынын аттары бар.

Валерий Кичин

Учурда кыргыз футболчулардын арасында эң кымбат бааланган футболчу улуттук кураманын жана "Енисей" футболдук клубунун коргоочусу Валерий Кичин болууда. 26 жаштагы футболчунун трансфердик баасы акыркы 3 жылда 900 миң еврого жогорулаган. 2016-жылы футболчунун баасы 300 миң евро болсо, учурда бул баа 1 миллион 200 миң еврону түзөт.

Валерий Кичин Кыргыз улуттук курама командасында 2011-жылдан бери ойноп келет. Азыркы тапка чейин 30 беттешке катышып, 1 гол киргизгенге жетишкен. Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Кичин Кыргыз курамасынын 4 беттешине тең чыгып, кураманын капитаны болгон.

Профессионалдык карьерасын Валерий Кичин канттык "Абдыш-Ата" клубунан баштап, бишкектик "Дордой", орусиялык "Волга", "Химик", "Уфа", "Анжи" жана "Тюмень" футболдук клубдарында ойногон. Валерий Кичин 2016-жылдан бери "Енисей" клубунда ойноп келет.

Антон Землянухин

Кыргыз улуттук курама командасынын мыкты бомбардири Антон Землянухиндин трансфердик баасы 2018-жылдын 1-июлуна карата 250 миң еврону түзгөн. 30 жаштагы чабуулчу 2017-жылда 400 миң еврону түзгөнүн дагы айта кетсек болот.

Антон Землянухин Кыргыз улуттук курама командасында 2007-жылдан бери ойноп келет. Азыркы тапка чейин ал 30 беттешке катышып, 12 гол киргизгенге жетишкен. Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Землянухин 3 беттеште 2-таймда алмашууга чыккан.

Профессионалдык карьерасын Антон Землянухин канттык "Абдыш-Ата" клубунан баштаган. Ал клубдук карьерасында түркиялык "Гиресунспор", казакстандык "Тараз", "Актобе", "Кайрат", "Кайсар", "Атырау", сербиялык "Раднички", таиланддык "Сисакет" жана "Сухотай" командаларында ойногон. 2018-жылдын декабрь айында Антон Землянухин бишкектик "Дордойго" өткөнү белгилүү болгон.

Павел Матяш

Трансфердик баасы боюнча эң жогоркулардын ичинде Кыргыз улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш бар, ал бул тизмеде 3-орунду ээледи. Кыргыз курамасынын дарбазасын мыкты коргогон жана айрым каталары менен элдин сынына кабылган Матяштын трансфердик баасы 150 миң еврону түзөт.

Павел Матяш Кыргыз улуттук курама командасында 2009-жылдан бери ойноп келет. Азыркы тапка чейин ал 38 беттешке катышкан. Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Матяш 1 беттеште чыгып, Кытайга каршы оюнда ката кетирип өз дарбазасына гол киргизип алган.

Профессионалдык карьерасында Павел Матяш бишкектик "Дордой", "Алга", канттык "Абдыш-Ата", Мальдив аралдарынын "Мазия", малайзиялык "UiTM" жана өзбекстандык "Алмалык" футболдук клубдарында ойногон. 2018-жылдын декабрь айында ал бишкектик "Дордойго" өткөнү белгилүү болгон.

Азамат Байматов

Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматовдун трансфердик баасы 125 миң еврону түзүп, ал 4-орунду ээледи. 2018-жылдын июль айында Байматовдун трансфердик баасы 150 миң евро болгон.

Байматов Кыргыз улуттук курама командасында 2010-жылдан бери ойноп келет. Азыркы тапка чейин ал 33 беттешке катышып, 3 гол киргизгенге үлгүргөн. Азамат Байматов жаракат алып калганына байланыштуу Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна катышкан эмес.

Профессионалдык карьерасында Азамат Байматов латвиялык "Вентспилс", казакстандык "Окжетпес", орусиялык "Сибирь", бишкектик "Дордой", бахрейндик "Ситра", Аль-Риффа жана индонезиялык "Борнео" футболдук клубдарында ойногон. 2018-жылдын декабрь айында ал бишкектик "Дордойго" өткөнү белгилүү болгон.

Виталий Люкс

Кыргыз улуттук курама командасын Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыгарган Виталий Люкстун трансфердик баасы 100 миң еврону түзөт.

Люкс Кыргыз улуттук курама командасында 2015-жылдан бери ойноп келет. Азыркы тапка чейин ал 27 беттешке катышып, 8 гол киргизгенге үлгүргөн. Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогуна Виталий Люкс 4 беттешке катышып, анда Филиппин курамасынын дарбазасына 3 гол киргизген.

Профессионалдык карьерасын Люкс Германиянын регионалдык лигаларында "Вийбенхорн", "Иллертиссен", "Нюрнберг", "Унтерхахинг" жана башка футболдук клубдарында ойногон. Учурда Виталий Люкс Германиянын "Ульм 1846" футболдук клубунда ойноп келет.

Бул Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчуларынын трансфердик баасы боюнча тизменин биринчи чыгарылышы болду. Алдыда дагы тизмелерди чыгарабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Esenali
2019-02-11 20:31:50
Кичин Люкс красавчики
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан