Өзүн "кыргыз элинин деми" деп атаган ырчы Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашкан мезгилде балдары жана үйү анда калган. Эми ал балдарын жана үйүн өзүнө алуу максатында Сокулук райондук сотуна кайрылган.
Учурда сот баштала элек. Буга чейин соттук отурум саат 14:00гө белгиленген.
Ал эми Гүлзат Мамытбек сотко күбөлөр менен келгенин айтты.
"Жолдошум келеби же жокпу билбейм. Себеби кечээки окуядан кийин аны менен сүйлөшпөй турган болдум. Аны менен жактоочусу аркылуу гана сүйлөшөм. Мен балдарымды колго алышым керек", - деди Гүлзат Мамытбек. Соттук отурум жабык өтүүдө.