Өзүн кыргыздын деми атаган ырчы Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу менен ажырашкан мезгилде балдары жана үйү анда калган. Бүгүн үй-мүлктү бөлүштүрүү жана ортодогу 3 баланын багуучусун аныктоо боюнча соттук отурум Сокулук райондук сотунда орун алды. Гүлзат Мамытбектин айтымында, мурдагы жолдошу Талант Курманкулов учурда анын үй-мүлкүн бербей, кийинки аялы менен ортодо курулган үйдө чогуу жашайт. Ал эми Талант Курманкулов бул ойлорду четке кагып, балдары тууралуу буларга токтолду:
"Мен учурунда буга ишенип балдарды берип да көргөм. Ал балдарды кыйнап, ар кайсы жакка чачыратып салган. Ошондо тиешелүү мекемелерден комиссия түзүп барып, балдарды чогултуп, 3 жылдан бери багып келе жатам. Эми мындан ары баарын сот чечет. Мен аял кишиге теңелбейм", - деди Курманкулов.
Соттук процесс жабык өттү. Отурум кийинкиге жылдырылып, анын катышуучуларынан тиешелүү комментарий алууга аракет кылган SUPER.KG'нин журналисттерин Курманкуловдун жактоочусу "камераңарды сындырып салам" деп коркутту. Ортодо талаш-тартыш жаралып, Талант Курманкулов жактоочусуна түшүндүрүп, кырдаал жөнгө салынган соң кыскача комментарий бергенге үлгүрдү.
Эскерте кетсек, Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкуловдун ортосунда 3 бала бар. Учурда ырчылык менен да алектенип жүргөн Гүлзат Мамытбек америкалык режиссёр Хуан Буэндиага 2018-жылдын декабрь айында турмушка чыккан.