Мектепте 50 жыл иштеген мугалим окуучуну урду деп талкууга калып, иштен алуу сунушталды. Өзү куру дооматка калганын айтат

Жакынкы күндөрдө интернет айдыңына "Аксакал мугалим окуучуну сабап жатат" деген видео тарап талкууга алына баштаган. Улгайган адамга бул талкуу оор тийгенин ал иштеген мектептин директору SUPER.KG порталына айтып берди.

Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Март айылдык мектебинде 21-январда орун алган. Мектеп директору Жумакүл Абданбаеванын айтымында, видеосу тараган мугалим мектепте 50 жылдан бери иштеп келет.

"Айылда мугалим жетишсиз. Ал агай физика-математика сабагынан окутат. 14 саат менен иштейт. Бул жылы мен иштен чыгайын деп келгенинен мугалим жетишсиз экенин айтып алып калган элем. Эми ушундай абалга туш болуп отурат.

Бул боюнча жыйналыштар, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Агай окуучуну урган эмес. Бала 7-класста окуйт, бала да шоктугунан агайды ошол абалга жеткирген. Сабак учурунда алдыңкы партада отуруп алып башка балдарга жымсалдап, шылдың кылып жатыптыр. Мындан улам мугалим аны сыртка, коридорго чыгарып коюптур. Сыртка чыгып алып улуу эле агайды сөккөн экен, ачууланып аны жакасынан кармап жулкулдатып койгон. Класстагы бир кыз видеого тартып алып өзүнүн туугандарына көрсөтүптүр. Ошентип отуруп баланын Орусияда жүргөн ата-энесине жеткен.

Бирок бала экенин ата-энеси түшүнөт да, агайга эч кандай доосу жок экенин айтышкан. Бала эч кандай жаракат алган эмес", - деди Абданбаева.

Ошондой эле мектеп директоруна бул видео коомчулукка тарап, ЖМКлар жайылта баштагандан кийин ал мугалим жумуштан кетерин айтып кайрылган. Бирок мектеп жетекчиси мугалим жетишсиз болуп жатканда аны иштен кетире албай турганын айткан.

"Мектепте 272 окуучу билим алат. Физика-математика сабагынан окуткан дагы бир мугалим бар, ал 24 саат менен иштейт. Мындан улам мен агайды иштен кетире албай жаткам. Бирок кечээ, 11-февралда райондук билим берүү бөлүмүнөн чалышып, иштен алууну сунушташты. Бүгүн ал мугалим келсе бул сунушту айтууга аргасызмын", - дейт ал. Ошондой эле Абданбаева мугалим ушул жылдын апрель айында 77 жашка толо турганын, бирок иш жөндөмү баары жакшы экендигин кошумчалады.

Ал эми мындай абалга туш болгон мугалим абалды түшүндүрүп, өзү видео тараткан. Анда ал "окуучуну урбасам да дооматка калдым" деп айткан.

77 жаштагы мугалим куру дооматка калганын айтат
Мугалим окуучуну урду деп талкууга калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Elmira8084
2019-02-12 15:37:31
Уруш угуп, келтек жеп эле чонойгонбуз. Бир жерибиз кемип калган жок. Баланын тарбиясыздыгы бул.
+6
newman
2019-02-12 16:35:37
Калтак жеп жүрүп өлбөй эле тирикмин.
+2
patiydin
2019-02-12 16:46:01
Агай ал окуучунун чон атасын да окуткан болсо керек! Ушундай окуучуну мектептен чыгарып башка мектепке айдаш керек.
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-12 16:54:43
Азыркы окуучулар башкача.Мен да мугалиммин.Тарбиялаш өтө оор,ата-энелер да түшүнүксүз.Оздору үйдөн тарбияны аз берет, адамгерчилик,ыйман жок.Мугалим мурункудай кадырланбай калды.
+8
Adi_let
2019-02-12 17:11:46
Туура кылат агайы мен ордунда болсом баланы тура алгыс кылып сабап башы менен дубал суздурот элем байкуш аксакалга эле боорум ооруйт.
Азыркы балдар баардыгы чын тийбес арысчыл жумуртка
+5
maralum93
2019-02-12 18:17:21
неге ушул ишке көңүл буруп коюшпайт
+2
Tyty1990
2019-02-12 18:56:19
Бизге окшоп чыныгы таяк жегенде ал бала реанимацияга жатып алса керек эле. Таяк жеп өлбөй эле чоңойдук
+1
bessmertiy
2019-02-12 19:40:48
Кандай наадан балдар. Чоң атаңдай болгон мугалимиңди сөккөнчө айтканын угуп, билимин, акыл-насаатын, батасын албайбы акмак. Эң ардактуу кесип бул мугалимдердин кесиби. Мугалимдерге таазим. Окуткан окуучулары жакшы чыкса сыймыктанат, кубанат, мен окуткан уул-кыздарым деп. Мугалимдерди сыйлайлы.
+3
Azatbek.Svoboda.
2019-02-12 20:00:33
Бизди урган агай эжекейлерибизге биз азыр алкыш айтабыз.Тажатып салса уратда ! Жакшы окушсун тартиптуу болушсун деп урат да.Азыркы агай эжейлер сабак бербей эле убакыт отсо болду деп ватсапта отуруп званокто чыгып кетишет. Кысказы Ата-Энеси тушунсо болдуда. Агайына чын ден-соолук узуун омур каалаймын!
+2
Take_men
2019-02-12 20:27:50
Баланы мектептен айдап салгыла каалаган жерине барып окусун. Аксакалды сыйлабаган окуп жарытмак беле. Бир аз шоктонуп койуп төбөгө шапалак жеп эле чоңойгонбуз. Азыр рахмат айтабыз кайра мугалимдерге бизди чыдап окуткан
+3
bizon
2019-02-12 20:56:50
Агайдан келип кечирим суроосу керек мурдубок окуучу анткени агай ата энесини дагын окуткан болушу керек.
0
raykray
2019-02-12 20:59:49
Тооба мугалимдир кылыгын айткандан коркот элекго ата энебиз рас кылыптыр дечу( керек болсо чачын эмне желмогуздай апсайган деседа атане болушпай рас кылыптыр мектепке таранвп тыкан барбайт белен дечуго?! Азыр баласы мушташчак энеси болушчак заман. Тарбиясыз бала экен жашоосу баштала элек ушинтип атса?! Ата энеси мн кечирим сурап окуп алыштын ордуна, жаш улуу кишиге ошентир ал нерсе оз ата энесине да кайтат
+2
Nurislam2016
2019-02-12 22:28:27
Дооматка калбай,кайра чын эле Уруп салган эмес байкуш агай.Азыркы жаштар башы каттык,мугалимди укмак тургай кайра ыйлатышат,ар кандай создор мн .
+1
love_you
2019-02-12 23:15:13
райОНО до иштегендерди алып келип сабак откорсо тушунушот эле. тим эле жумуштан алгыла деп. Бул олкодон кетким келе баштады. кайда барсан мамайдын кору болду. жадагалса мектепте да беспредел. мен ошол агайдын ордунда болсом, бала мн телге тарткан кызды жанчып, телефонун талкалап ьуруп, арызымды жазып туруп, гордо кетмекмин иштен. карыганда сакалын сыйлагандын ордуна кайра шылдын кылып. Аллах бат эле кайтарат, ошол балага,
+1
Jazhoo-soonun
2019-02-13 00:13:08
Ото тартипсиз балдар.менда иштеп кордум сен деп суйлойт керек болсо.сабак оттурбойт уруп жанчып салгын келет.ата энесине ошол онорун коргозсунчу...университтетти жаны бутуп баргам мектепке ыйлайт элем сабактан чыгып кадимкидей эмне мугалим темирден жаралыптырбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан