Депутат: "Ак Үйдө тамеки чегүү үчүн атайын жайлар барбы? Жаш балдар дааратканага чогулуп алып түтөтүшөт"

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков жаш балдар Ак Үйдүн дааратканасына чогулуп, түтөтүп тамеки чеге турганын айтты.

Жыйында коомдук жайларда, тамактануучу жерлерде, бардык мекемелерде жана коомдук транспорттордо тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралууда.

"Ак Үйдө тамеки чегүү үчүн атайын жайлар барбы? Жаш балдар дааратканага чогулуп алып түтөтүшөт. Ким көзөмөлдөйт? Сырттан келгендер "Жогорку Кеңеш имараттын ичинде тамеки чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алышып, өздөрү аткарбай жатышат" деп айтышат да", - дейт депутат.

Депутат Айнуру Алтыбаева Ак Үйдө тамеки чегүү үчүн атайын жайлар кайсы жерде бар экенин билбей турганын айтты. Ал жогорудагы мыйзам долбоору имараттарда тамеки тартууга тыюу салууга багытталганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursbaike
2019-02-12 15:41:02
Жо бээмарал биз азыр ак уйду тушунобуз озунорчо мыйзамды сыйлаган адам болобербегиле элди тоногула силер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан