Бишкектин Свердлов районундагы Келечек конушунда жайгашкан турак үй толугу менен өрттөнүп, 3 бала түтүнгө ууланган. Учурда балдардын абалы оор, борбордогу №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ооруканадан билдиришти.
Ал эми "Балдарды коргоо лигасы" коомдук фонду балдарга жалаяк жана акчалай жардам керек экенин жазып чыкты.
"Түтүнгө ууланган балдар 1, 2 жана 3 жашта. Бардыгы эркек балдар. Ал эми алардын апасы кош бойлуу. Аларга жардам керек", - деп жазылат билдирүүдө.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн ЭЛСОМ: 0771 45 44 45. Ошондой эле Бишкек мэриясына караштуу балдарга жардам берүү борбору.