Улан Абилов Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан бүгүн, 12-февралда маалымдалды.
"Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Абилов дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеген.