Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп Таалайбек Нуралиев дайындалды

Таалайбек Нуралиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы 27-февралда таратты.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол коюп, андан кийин Нуралиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курамына тааныштырылды.

Нуралиев 1967-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Ал эмгек жолун Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында катардагы опер кызматкери катары иштеп баштаган. 2010 жана 2017-жылдары Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан