Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетекчилигине Нурида Байзакова дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 21-февралда кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
13-февралда премьер-министр мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн. Анда тапшырмаларды так аткарган эмес деген жүйө менен аталган департаменттин мурдагы жетекчиси Улан Озумбековду кызматтан бошоткон.
Нурида Байзакова 2013-2018-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын программалык бюджеттештирүү секторунун башчысы болуп иштеген.