Кечээ, 12-февралда парламент комитетинде Түп-Кеген жолун жана Каркырадагы туристтик лагерге кетчү жолду оӊдоого багытталган долбоор жактырылды.
Аталган маселе боюнча баяндаманы транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жасады.
"Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы" Казакстан менен транспорттук байланышты жакшыртууга, Ысык-Көл облусундагы туризмди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун суммасы 55 миллион долларды түзөт. Анын жарымы - грант, жарымы - насыя. Насыяны төлөө мөөнөтү - 38 жыл. Жеӊилдетилген мөөнөт - 6 жыл", - дейт Бейшенов.