Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын аудитору Зарылбек Сатаев ант берди.
Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Зарылбек Сатаевдин ишине ийгиликтерди каалады. "Ишиңизге ийгилик каалайбыз. Сизди мамлекет үчүн ак, таза иштеп, элибизге кызмат кылат деп ишенебиз", - деди Жумабеков.
6-февралда Жогорку Кеңеште Зарылбек Сатаев Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланган. Ал буга чейин Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык, Чүй жана Талас облустук бөлүмдөрүндө иштеп келген.