Мамкаттоо унаа ээсин же ишеним каттын негизинде унааны сатып алган адамды издөө кызматын ишке киргизди

Мамлекеттик каттоо кызматы унаанын ээсин же ишеним каттын негизинде унааны сатып алган адамды табууга жардам берген атайын кызматты ишке киргизди. Анда электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына билдирүү калтырып, издеген кишини табууга болот.

Мекеменин маалыматына караганда, бул кызмат транспорт каражатын ишеним каттын негизинде саткандарга да, сатып алгандарга да унаа ээлерин табууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Аталган кызматты колдонуу үчүн атайын каттоодон өтүүнүн зарылчылыгы жок. Болгону электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына кирип, транспорт ээсин же сатып алган адамды издөө бөлүмдөрүнө кирип керектүү маалыматтарды толтуруу керек.

"Бүгүнкү күнү "Транспорт каражатынын ээсин издөө" кызматы транспорт каражатын кайра каттоодо унаалардын ээсин издөө маселесин чечүүчү жана унаа ээлерин издөө боюнча жалгыз ресурс болуп эсептелет. Ошондуктан Мамлекеттик каттоо кызматы унаа каражатынын ээлерин издеген жарандарды аталган кызматтан пайдаланууга чакырат. Толук маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын "119" кыска номери аркылуу алсаңыздар болот. Чалуу бардык мобилдик операторлордон акысыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zevs
2019-02-13 11:49:03
Eesi rossiyada ksydan tapmak elener
0
Alixan-Nookat.2015
2019-02-13 12:26:50
Мен мисалы автоунаамды саттым доверенность менен, менден алган адам башка бирөөгө доверенность жок сатты ал киши 3-адамга сатып жиберди доверенность жок кантип табат?
+1
Bishkek_312
2019-02-13 13:51:00
Alixan-Nookat.2015,тех.паспортто кимдин фамилиясы ошол бойунча издесең табасың ортодо он кишиге сатылса деле алар эч роль ойнобойт эч нерсе кыла албайт.
+1
Alixan-Nookat.2015
2019-02-13 17:19:31
Bishkek_312,Ишеним каттын негизинде алган адамдыда издегенге деп жатат. Көпчүлүк адамдар машинасын ишеним кат менен саткан, кээ бир ишенем катсыз саткандар бар.
+1
Take_men
2019-02-13 17:32:07
Alixan-Nookat.2015,мен ГРС ке бардым бүгүн. Анкета онлайн толтуруп анан күтөт экенсиң. Кийинки ээси көрсө чалат сага көрбөсө чалбайт. Болду
0
Chungyz
2019-02-13 12:33:56
Издесен табасын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан