Базар-Коргондо 9-класстын окуучусу өз жанын кыюуга аракет кылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 9-класстын окуучусу өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул маалыматты Базар-Коргон аймактык ооруканасынын директору Баатырбек Субанкулов тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя Кеңеш айыл өкмөтүндөгү айылдардын биринде катталган.

"Мектеп окуучусу асынып алган жеринен көрүп калып, аман алып калышкан. Аны ооруканага алып келишкенде эле комага түшкөн. Учурда абалы туруктуу", - деди Субанкулов.

11-февраль күнү Таласта 14 жаштагы окуучу бакка асынып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан