Депутат Айыл чарба министрлигине дооматтар көп болуп жатканын айтты

"Айыл чарба министрине дооматтар көп болуп жатат, силер элди аралап, анализдеп, дыйкандарга багыт берип, көмөктөшсөңөр боло", - деп Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков министрликтин өкүлүнө айтты.

"Жаздын бир күнү бир жылга тете" дейт. Мына 2-3 жумадан кийин жаз келет. Жаз быйыл эрте келет деп жатышат. Чүй облусунун бир топ аймактарын кыдырып жүргөндө тургундар айыл чарба маселелери качан каралат деп көп суроолорду беришти. Жергиликтүү тургундар инвентаризация качан башталат деп жатышат.

Мисалы, Вознесеновка айыл өкмөтүнөн даттануу түштү, 100 гектардан ашык сугат жердин төлөнгөн салыгы сугаты жок жерге барабар болуп жатканын билдиришти. Силер ушуну аныктасаңар боло. Айыл чарба министрлигине дооматтар көп, силер анализ жүргүзүп дыйкандарга багыт беришиңер керек. Эмне айдап, эмне себүү керектигин, анын өтүмү кандай болот айтсаңар боло?!

Москва, Панфилов, Жайыл райондорунун дыйкандары менен жолугуштум, аларда "эмне айдайбыз кызылчабы, картошкабы?" деген суроолор көп болуп жатат. Мына, ысык-көлдүк туугандар былтыр тонналаган картошка айдап, өткөрө албай күйүп жатат. Ушул багытта иш алып барсаңар", - деди Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-02-13 11:51:38
Айыл чарба министрлигине улакчыны койуп алсанар анан ага баары бирда.Айыл чарба министрлиги статистика менен кана алек болушат айыл окмотордон кагаз жузундо отчет алып ошол отчет бойунча премерьге доклад берет болду анан чет олколорго чыгып эс алышат .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан