Өлкө аймагында туризм чөйрөсүндө 107 миңден ашуун чарба жүргүзүүчү субъект бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.
Ал 2019-жылдын 1-январына алынган маалыматка ылайык, өлкө аймагында туризм чөйрөсүндө 107 миң 500 чарба жүргүзүүчү субъект бар экенин айтты.
"Өткөн жылы эң көп туристтер Германия, АКШ жана Кореядан келген", - деди Максат Дамир уулу.
Депутат Аида Касымалиева чет өлкөлүк туристтер Кыргыз өлкөсүнүн кайсы аймактарына көп барышарын сурады.
Туризм департаментинин өкүлүнүн айтымында, өлкөгө келген туристтердин 80 пайызы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облусуна барышат. Мындан тышкары жыл сайын туризм чөйрөсүндө 15 пайыздык өсүү байкалып жатканын кошумчалады.
Жыйында “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.