"Милиция кызматкерлеринин арасында кандайдыр бир эпидемия жүрүп жатат. Бир туруп алар мас болушуп, бир туруп атышууда", - деп бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов билдирди.
"Жакында эле Токмокто атышуу болгондугу тууралуу маалымат чыкты. Анан облустук милициянын башчысы бул тууралуу маалыматты басылмалардан окуганын өлкөнүн баарына айтып жатат. Ушундай кантип болсун? Ички иштер министри буга көңүл бурушу керек. Милиция кызматкерлери ок атуучу курал көтөрүп жүрөт. Мас абалында унаа башкарып, ок чыгарганга алардын эч кандай укугу жок. Буга эч кандай чара көрүлбөй жатат", - деди Сулейманов.
Буга ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев: "Мыйзамга ылайык, милиция кызматкерлери катуу көзөмөлдө. Ооба, мен сиз менен макулмун. Алардын ой келди ок чыгарууга эч кандай укугу жок", - деди.
Учурда “Курал жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.