Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылында турак үй өрттөнүп, анда жашаган келин, анын 10 жана 2 жаштагы балдары каза болду. Маалыматты алгач ӨКМ кабарлап, Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы келин үйдү өзү бензин куюп өрттөгөн деген билдирүүнү таратты. SUPER.KG окуя болгон жерге барып, оор жоготууга учураган үй-бүлөнүн кошуналарына жолукту. Атын атагысы келбеген кошунасынын айтымында, үйгө келин өзү өрт коюшу мүмкүн.
"Өрт чыкканын кечээ саат 16:00 чамасында көрдүк. Кээ бир кошуналар каза болгон келиндин күндүзү күйүүчү май сатып келгенин көрүшүптүр. Андан мурда эле кайненеси менен пикир келишпестиктер жаралып жатканы айтылып жаткан. Балким, чыр-чатактын айынан өз жанын кыйган болушу мүмкүн.
Келиндин аты Мээрим, күйөөсүнүн аты Игорь. Күйөөсү тубаса дудук, аялынын кулагы жакшы укпаганы менен, жакшы эле сүйлөчү. Психикалык жактан жабыркаган деген кептер калп. Акыл-эси ордунда эле, көргөн жерден салам айтып турчу. Балдарын жакшы карачу. Күйөөсү менен ынтымактуу эле жашаган үй-бүлө болчу", - деди кошунасы.
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 3 адам каза болгон. Анда жыгач устундуу кампанын жана гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар 1985-жылы туулган А.М.Д. аттуу аял киши (үй кожойкеси) жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. аттуу балдар болушкан.