Орусиянын Москва шаарындагы "Солнцево" деп аталган электропоезддердин станциясында жайгашкан курулуш будкасынан 6-февраль күнү өрт чыгып, эки кичинекей кыз күйүк алган. Кыздардын бири 7 айлык, экинчиси 3 жашта болгону жана алардын апасы Кыргыз жеринен барган 30 жаштагы аял экени айтылган.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги 13-февралда SUPER.KG'ге кыздардын абалы тууралуу маалымат берди. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, кыздардын абалы орто. Учурда экөө тең Москва шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланууда.
Байымбетова кыздардын апасы Кыргыз өлкөсүнүн жараны экенин билдирип, бирок анын макулдугу жок болгондуктан толук маалымат берилбей турганын кошумчалады.
Орусиялык ЖМКлар ошол учурда өрттүн кесепетинен 7 айлык кыздын бети жана колу, 3 жаштагы кыздын бети, кулагы жана колу күйүк алып, ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын жазышкан.