Акыркы эки жыл аралыгында жарандар өз ыктыяры менен 328 курал-жарак тапшырган

Акыркы эки жыл аралыгында 695 курал-жарак чогултулган, анын ичинен 328ин жарандар өз ыктыяры менен тапшырган. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда парламенттин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

“2017-жылы 399 курал-жарак алынган, анын 196 даанасы жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган. 2018-жылы 296 курал-жарак алынган, анын 232 даанасы жарандар тарабынан тапшырылган.
Азыркы тапта курал-жарактарды тапшыргандарга эч кандай сый акы берилбейт. Бирок учурда өкмөттүн токтом долбоору иштелип жатат. Ага ылайык, автомат үчүн 9600 сом, тапанчага 6400 сом, травматикалык тапанчага 3200 жана колго жасалган мылтыктар үчүн 1600 сом өлчөмүндө сый акы каралган", - деди Орозалиев.

Буга чейин өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшыргандарга акча берилип келген. Кийин каражат маселесине байланыштуу токтоп калган.

Жогорку Кеңеште "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан