Саламаттыкты сактоо министрлигинде чуу жараткан жол тандабас унаасы мекеменин балансына өттү

Буга чейин саламаттыкты сактоо министри сатып алды деп айтылып чуу жараткан жол тандабас унаасы министрликтин автобазасына өткөрүлдү. Бул маалыматты мекеменин алдындагы Коомдук кеңештин төрайымы Нурхан Жумабаева тастыктады.

Маалыматка ылайык, унаа "Жыйынтыктардын негизинде каржылоо" (ФОР) долбоорунун каражатына - 59 миң долларга сатып алынган.

"Бирок өкмөттүк токтомдун негизинде деп ал машинаны президенттин жана өкмөттүн башкармалык иштеринин ыкчам башкармалыгынын гаражына берип коюшкан. Бирок унаа алынып жатканда өзүнүн максаты бар болчу да. 11-февралда министр буйрукка кол коюп, 12-февралда биз унааны алып кеттик. Бүгүн жол тандабасты "Жыйынтыктардын негизинде каржылоо" долбоорунун иштери менен Баткен облусуна айдап кетишти", - дейт Жумабаева.

Буга чейин белгилүү болгондой, аталган долбоордун алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги 42 миң долларга RAV-4 үлгүсүндөгү унааны жана 59 миң долларга Toyota LC үлгүсүндөгү унааны сатып алган. Ал эми министр бул машиналар долбоорду ишке ашыруу үчүн эксперттерге алынганын, алар бул машиналар менен аймактардагы медициналык мекемелерге чыга турганын кабарлаган. Анын бири Талас облустук милдеттүү камсыздандыруу фондуна өткөрүлүп берилген. Экинчи унаа өз максатында пайдаланылбай жаткандыгы Жогорку Кеңеште айтылып, министр Космосбек Чолпонбаев коомчулуктун талкуусуна калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talas0707
2019-02-13 17:05:25
Эмне деген акча 42 минге раф4? Жегендинда чеги болот да, бул жашоо чектелуу алгандын берер куну да келет. Ойлонгула жегичтер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан