Депутат: "Сүт заводуна 2 жолу текшерүү болуп, документтеринин баары алыныптыр, ата мекендик өндүрүүчүгө ушундай кысым көрсөтүү туурабы?"

"Сүт заводуна 2 жолу текшерүү болуп, документтеринин баары алыныптыр". Мындай пикирди бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рада Туманбаева айтып чыкты.

Ал ата мекендик өндүрүүчүгө ушундай кысым көрсөтүү туурабы деген суроо салды.

"Алар эки жаңы цех курушкан, сүт сатуу менен алектенип келишкен. Биз даяр турган нерсени иштете албай жатабыз. Жакында эле Ысык-Көл облусунда сүт чыгаруучуларды көтөрөлү деген максатта 25 миллион доллар бөлүндү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2 жолу тинтүү болуп, документтердин баары алыныптыр. Сиз баары чечилди дегениңизге ынанып жатам. Бирок өзүбүздүн өндүрүүчүнү колдобой жатканыбызга таң калам. Бул нерсе туура деп ойлойсузбу?" - деди эл өкүлү.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү: "Биз кат түрүндө кандай тергөө амалдары жүрүп жатканы боюнча маалымат берели. Ишкананын үстүнөн арыз жазгандар тендердик комиссиянын мүчөлөрү болгон. Биз заводдун өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшкөнбүз. Учурда ишкананы жабуу боюнча эч кандай маселе көтөрүлгөн жок", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BekAmir
2019-02-13 17:29:44
Лолудон баатыр чыкса элин чабат
+2
azimbek74
2019-02-13 17:44:21
Кыргызстанда бир жумуш баштасан эле болду, мен налогдон, мен участковый, мен пожарный деги толтура службалар даяр болуп калат. Эгерде ошол службаларга жумушун тушуп калса бирин таппайсын
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан