Кечээ, 13-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, кеңештин мүчөлөрүнө ай сайын сый акы төлөө керек.
"Кеңештин курамынын санын 24төн 9 адамга кыскартууда сотторго келген иштердин көлөмү 3 эсеге көбөйүп, отурумга талап кылынуучу документтерди түзүүнү даярдоо жана тиешелүү иштер менен таанышууга убакыттын чыгымдалышы өстү. Кеңештин мүчөлөрү аткарган иштин көлөмүн коомдук гана деп эсептөөгө мүмкүн эмес, анткени ал мамлекеттик маселелерди аткарат жана кандай гана болбосун эмгек акы катары төлөөнү талап кылат", - дейт Зулпукаров.
Мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.