Өлкөдө курал-жарак саткан 41 дүкөн бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.
"Өлкө аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген 41 дүкөн бар. Аларга тиешелүү уруксатты Ички иштер министрлиги берет", - деди Орозалиев.
Депутат Айнуру Алтыбаева канча тир бар жана аларга ким уруксат берет деген суроо узатты.
"Биз аларга эч кандай уруксат документтерин бербейбиз. Бирок тирдеги куралдар Ички иштер министрлигинде каттоодо турат", - деди Орозалиев.
"Бул туура эмес деген ойдомун. Лицензия берерден мурун адамдардын коопсуздугун ойлоо керек. Жалпы билим берүү мекемелердин имаратында курал сатууга тыюу салуу керек", - деди Алтыбаева.