Бүгүн, 14-февраль күнү саат 6:28де Ош облусунун аймагында жер титирөө катталып, күчү очогунда 4 баллга жетти. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районундагы Талдык айылынан 3 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 18 чакырым түндүк-чыгышта орун алган.
Анын күчү Талдык, Тээке, Лаглан айылдарында 4 баллга, Папан, Алга-Бас, Кара-Шоро, Боз-Караган, Кызыл-Туу, Алчалы, Бек-Жар, Каблан-Көл айылдарында 3,5 баллга, Гүлчө, Таш-Короо, Тогуз-Булак, Мурдаш айылдарында 3 баллга сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматына караганда, жер титирөөдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган жок.