Бишкекте айдоочулар унааларынын номерин жашырып алган окуялар талкууга алынууда. Мунун себеби айдоочулар камера коюлган көчөлөрдө эреже бузган болсо, эреже бузуу камерага түшпөй айып салынбай калат.
Бул көрүнүштөргө чара колдонулабы деген суроо менен Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылып, төмөнкү жоопту уга алдык.
Маалымат катчынын айтымында бүгүн, 14-февралда атайын ушул көрүнүш боюнча рейд башталды.
"Рейд жүргүзүлүп баштады. Ал эми ушундай ишке барган айдоочулар кармалса, аларга 1 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Ал эми ушул окуяларга чара колдонуу боюнча Жогорку Кеңеште маселе каралып, 1-2 окуудан өттү. Эми үчүнчү окуудан өтсө анда мындай эреже бузган айдоочуларга 10 миң сом айып салына баштайт", - деп билдирди басма сөз кызматкери.