Каржы министрлиги: "2018-жылы мамлекеттик карыздын пайыздарын төлөө үчүн 7 миллиард сомдон ашык каражат сарпталган"

2018-жылы мамлекеттик карыздын пайыздарын төлөө үчүн 7 миллиард сомдон ашык каражат сарпталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары Марлен Амандыков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпы карыздардын суммасы 4 миллиард 464 миллион долларды түзөт.

"Бул сумманын 85,7 пайызы тышкы, 14,3 пайызы ички карыздар. Өткөн жылы мамлекеттик карыздарга 23 миллиард 741 миллион сом сарпталса, анын ичинен 16 миллиард 664 миллион сом негизги карызды жоюуга жана 7 миллиард 76 миллион сом карыздардын пайызын төлөөгө сарпталды.

3 миллиард 607 миллион ички карыздардын пайыздарын жоюу үчүн, тышкы карыздардын пайыздары үчүн 3 миллиард 397 сом керектелди.

Негизги карыздарды жоюу үчүн сарпталган 8 миллиард 245 миллиону ички карызга, 8 миллиард 419 миллиону тышкы карыздарга төлөндү. Министрлик тышкы карызды азайтып, ички карызды көбөйтүүгө аракет кылат", - деди Амандыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2019-02-15 08:52:26
Жакшы кичине болсо да аз аздан болсо да бергилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан