Кыргыз өлкөсү картошканы Казакстан жана Түркмөнстанга экспорт кылып баштады. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, аталган өлкөлөргө картошка экспорттоо боюнча келишим ушул жылдын январь айында түзүлгөн.
"Учурда картошка Казакстанга жана Түркмөнстанга экспорт болуп жатат. Экспорт маселесинде эч кандай тосколдуктар жана чектөөлөр жок.
2019-жылдын февраль айына карата өлкө боюнча экспортко чыгарууга болжолдуу 70 миң тонна картошка бар.
2018-жылы картошканын дүң жыйымы 1 миллион 446 миң тоннаны түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 30 миң 600 тоннага жогору болгон. 2017-жылы картошканын себүү аянты 83 миң гектарды түзсө, 2018-жылы 1,4 миң гектар аянтка көп себилген", - деп айтылат маалыматта.