Камчыбек Жолдошбаевдин мас абалда жол кырсыгына кабылган күйөө баласы ички иштер органдарынан биротоло бошотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин мас абалда жол кырсыгына кабылган күйөө баласы Айбек Сыдыков ички иштер органдарынан биротоло бошотулду.

Мындай маалыматты SUPER.KG'ге ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады. Анын айтымында, Сыдыков мындан ары ички иштер органдарына жумушка орношо албайт.

Айбек Сыдыков 10-февраль күнү Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен мас абалда Бишкектеги Гоголь жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде Toyota Mark жана Daewoo Nexia унаасын сүзүп кеткен. Мындан улам анын үстүнөн кызматтык териштирүү башталган.

ИИМдин маалыматына караганда, милициянын подполковниги Сыдыков 3 ай мурун эле Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baatirbek81
2019-02-14 18:57:08
Папашаңа чоңурак шляпа сатып бер эми,биротоло баса кийсин!
+7
Bishkek_312
2019-02-14 19:05:56
Болдубу!!!
+2
RNA78
2019-02-14 19:24:33
Иштен биротоло бошопсуң, эми фурашканы кайната белеке бер, сени эстеп уялып кийип жүрсүн.
+5
abusait
2019-02-14 20:41:15
Камаш керек болчу.
0
CEO1
2019-02-15 04:10:39
Кызматтан бошотулуп эле кутулуп кетеби?!! Камабайсынарбы?!! Катардагы жаран болгондо эбак эле камап акча доолап жаткан болоор эленер, паланча жуз мин берсен чыгасын деп......
+1
semo
2019-02-15 10:11:40
CEO1,ен туура айттын неге катардагы адам камалат да булар чыгып кетет камалсын
+2
dobrajelatel
2019-02-15 12:41:05
Кызматтан алып кайра андан жакшы кызматка коёт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан