Алай районундагы үйүнөн 6 ай мурун чыгып кетип дайынсыз болуп жаткан Алмаз Бөрүбаев изделүүдө

Ош облусунун Алай районунун 44 жаштагы тургуну Алмаз Бөрүбаев 6 айдан бери дайынсыз. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болгон жаран 2018-жылдын 1-сентябрь күнү Алай районунун аймагындагы Сары-Таш жайлоосунда Кара-Суу айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Алмаз Бөрүбаев ошол күнү үстүнө кара күрмө, кара түстөгү спорттук бут кийим жана спорттук шым кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери - бетинин сол тарабында тырыгы бар.

Ош ОИИБи жогорудагы жарандын жүргөн жерин же ал туурасында маалымат билгендер болсо төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуңуздарды суранат.

Байланыш номери: 102, 0 (557) 54 00 30; 0 (773) 03 92 12.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан