Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Иса Өмүркулов Бишкектеги ЖЭБ маселеси акыры келип энергетиканын келечегине таасирин бере турганы чоң көйгөй болгонун айтты.
Өмүркулов энергетика тармагында өсүү болбой жатканын сынга алды.
"Арифметикада 4 эле амал бар. Алар: көбөйтүү, бөлүү, кошуу жана алуу. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан бери кошуу, көбөйтүү жок, алуу менен эле бөлүү болуп келе жатат. Энергетиканы сызга отургуздук. Кошуп алгандан эч бир жыйынтык чыккан жок. Союз урагандан кийин Кыргыз өлкөсүндө Улуттук энергохолдинг уюшулган. Ошол учурда жоготуулар 10-12 пайыз гана болгон. Кийин техникалык жоготуу 50 пайызга чыкты. Уурдабаган киши калган жок. Коррупциялык схемалардын баары энергетика тармагында. Качып кеткендин баары энергетикага аралаштыгы барлар. Бул холдингдин жетекчиси суроолорго туура эмес жооп берип жатат. Ошондуктан энергохолдингди жаап салуу керек деп айтып жатам”, - деди эл өкүлү.
Жыйында Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөттүн маалыматы угулду.