Орусия Кыргыз өлкөсүнөн этке киргизилген чектөөнү алды

Орусия Кыргыз өлкөсүнөн этке киргизилген чектөөнү алды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Орусия тарап этке болгон чектөөнү 2007-жылы киргизген.

"2007-жылы Орусия Кыргыз өлкөсүнөн алынып келинген эт, эт азыктары жана тоютка убактылуу чектөө киргизген. Акыркы 3 жылдын аралыгында эт азыктарынын сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу киргизилген чектөө алынды. Алынган чектөө эт азыктарын Орусияга экспорттоого Евразия экономикалык биримдигинин өндүрүшчүлөр реестрине катталган өндүрүшчүлөр үчүн жакшы шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2019-02-15 05:50:40
Ой мына кузьминкиге анан киевскийге акчасы бар бир кыргыз адам барбы бир точка ачкылачы биз эле алалы? Каерге барсан эле башкалар. Бирок алар го мусулман кыргыздардан деле саткан адам барбы?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан