ЖЫЛНААМА, 15-ФЕВРАЛЬ: Мындан 6 жыл мурун Орусия, Башкортостан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн

2013-жылы 15-февралда Орусиянын Тюмень, Курган, Свердлов, Челябинск облустарына жана Башкортостан менен Казакстандын Костанай аймагына метеорит учкундары түшкөн.
Орусиянын Челябинск шаарына жакын жерде жарылган метеориттин толкунунан улам 1613 киши жабыр тартып, мамлекетке 1 миллиард рублга чейин материалдык чыгым алып келген.
НАСАнын маалыматы боюнча, диаметри 17 метр, салмагы 10 миң тоннадай болгон метеорит Жердин атмосферасына секундасына 18 чакырым ылдамдыкта кирген. 32,5 секундадан кийин метеорит атмосферанын жогорку катмарында чачырап жарылган.
Дал ушул метеорит Жерге түшкөн асман телолорунун арасынан Тунгус метеоритинен кийинки эле эң чоң деп саналат.
15-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан