Бүгүн Жогорку Кеңеште жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул парламенттин сайтына жарыяланды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өткөрөт. Парламенттик угуу 10:00дө башталат.

Мыйзам долбоордун концепциясы өлкөнүн аймактарын мамлекеттик башкарууда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун күчөтүү жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо тартибине тиешелүү бөлүгүн Конституцияга ылайык келтирүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан