Айбек Баратов менен Асел Калыбекованын 3 жаштагы Наира аттуу кызы аутизм менен жабыркайт. Наирага болгон врачтардын, коомчулуктун орой мамилеси үй-бүлөнү чет өлкөгө кетүүгө аргасыз кылган.
"Наира кан чыкканча өзүн тиштегилеп, дубалга башын ургулайт. Баламдын ачуу кыйкырыгын угуп, ага жардам бере албаган сааттар эң коркунучтуу", - дейт Наиранын апасы.
Ата-эненин кейиштүү маегин толугу менен "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№850, 15-февраль, 2019-жыл) окуй аласыз.