Өрт чыккан үйдөн түтүнгө ууланып ооруканага түшкөн 3 баланын экөө жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылды. Бирөөнүн абалы оор

Бишкектин Свердлов районуна караштуу Келечек конушундагы турак үй толугу менен өрттөнүп, анын натыйжасында түтүнгө ууланган 3 бир туугандын кичүүсүнүн абалы оор. Мындай маалыматты балдардын атасы Рустам Таштанбек уулу билдирди.

Анын айтымында, улуу жана ортончу баласынын ден соолугу жакшы.

"Балдарымдын абалы жалпысынан туруктуу. Улуусу жана ортончусу жандандыруу бөлүмүнөн чыгарылып, тамак ичип жатышат. Кичүү уулубуздун абалы оорураак. Себеби окуя болгонго чейин ал дарыланып, ийне алып жаткандыктан алсыз болууда. Ал эми жубайым өзүнө келип калды", - деди Рустам Таштанбек уулу.

Ошондой эле ЭЛСОМ аркылуу акчалай жардам болуп жатканын кошумчалады.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн ЭЛСОМ номери: 0700 29 23 95

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momun74
2019-02-15 17:28:55
Аллахым шыпаасын берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан