15-февралдан 17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болууда.
Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун Талдык, Катынарт, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде жана Каракол-Эңилчек ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.