Ооган согушунун ардагерлерине жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө жөлөк пул берүүгө 28 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

Бүгүн, 15-февралда Ооган жергесинен советтик аскерлердин чектелген контингентинин чыгарылган күнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, Ооган согушунун ардагерлерине жана курман болгондордун үй-бүлөсүнө 5 миң сомдон кошумча бир жолку жөлөк пул жардам көрсөттү. Анын айтымында, жөлөк пул берүү үчүн жалпы 28 миллион 800 миң сомдон ашык каражат бөлүндү. "Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин облустук жана Ош, Бишкек бөлүмдөрүнүн ар бирине акчалай жардам көрсөтүлөт. Сиздердин чечиле элек социалдык көйгөйлөр бар. Алардын катарында ай сайын алчу жөлөк пулду көбөйтүү маселеси. Өлкөнүн экономикасынын абалына жараша, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында силердин да маселелер ырааты менен чечилет. Куру убада бербейли, убакыт керек", - деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан