Өкмөт түтүнгө ууланган 3 бир туугандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн натыйжасында истүү газдан балдары ууланган Рустам Таштанбек уулунун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өрттүн кесепетинен бул үй-бүлө жашаган Келечек конушундагы үй толугу менен өрттөнүп кеткен. 12-февралда Таштанбек уулунун Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан үч баласынан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кабар алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан