Орусия, Казакстан, Бельгия, Улуу Британия, Германия, АКШдан жөнөтүштү... Өткөн жылы мигранттар өлкөгө 2 миллиард 685 миллион доллар которду

2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөгө 3 миллиардга жакын акча которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы жеке жактардын өлкөгө которгон акчасы 2 миллиард 685 миллион 400 миң долларды түзөт. Бул сумманын негизги бөлүгү, тактап айтканда, 2 миллиард 638 миллион 500 миң доллар Орусиядан которулган.

Которуулар боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Коңшу өлкөдөн өткөн жылда 2,2 миллион доллар которулган. Калган 44 миллион 700 миң доллар КМШ өлкөлөрүнөн, Бельгия, Улуу Британия, Германия, АКШ өңдүү чет мамлекеттерден келген.

Ошондой эле өткөн жылы 543 миллион 200 миң доллар чет жакка которулган. Анын 538 миллион 200 миңи Орусияга, дагы 5 миллион доллар башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-02-15 12:44:57
Суйунуп отура бергиле, мигранттарга шарт тузуп бергендин ордуна.
+5
Flowhive
2019-02-15 13:18:04
Кайра үмүт кылып калышат,шарт түзмөк түгүл
+3
Kuttubek8483
2019-02-15 14:10:49
Турция дан канча акча которулат экен
-1
Azatbek.Svoboda.
2019-02-15 15:20:41
Олкодон чет олколорго которгондор жемкорлор болсо керек арамдан тапкан акчаларын сырт жактарга банктарга которуп бир нерсе болсо качабыз дешип?!
+1
CEO1
2019-02-15 17:57:37
Azatbek.Svoboda., Россияда соода кылган жарандарыбыз бар. Россиядан курулуш материалдары (мисалы жыгач ж.б.) алдыртып, акчасын банк аркылуу которгондор. Россиядан унаа ташыгандар. Айтор карапайым эл акча которот эки жакка. Акчасын жашырчу байлар Швецария же Кипр, Сейшель аралдары сыяктуу жактарга жонотот акчаларын, Оруссияга эмес.....
+1
CEO1
2019-02-15 18:14:18
Окмот мигранттарга шарт тузуп жардам беруунун ордуна кайра аларды тоноонун амалын коруп отурат...

Соке болсо Роза апженердин иниси, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаевди "эмгек синирген ишин" баалап АКШга элчи кылып отурат. Мына сага... Бийликте Сокенин озуно окшогон ашка жук башка жук кадрлары турса мигранттарды ким ойломок эле.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан