Бишкекте изделип жаткан Германиянын 34 жаштагы жараны туугандарына байланышка чыкты

Бишкекте изделип жаткан Германиянын 34 жаштагы жараны Вилли Райфшнайдер байланышка чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Вилли Райфшнайдер массалык маалымат каражаттарына анын изделип жатканы боюнча чыккан маалыматтан кийин жакындарына байланышка чыккан. Ошондой эле ал баары жайында экенин айткан.

Буга чейин Вилли Райфшнайдердин жакындары Германиядан укук коргоо органдарына байланышка чыгып, издөө салган.

Маалыматка ылайык, Вилли Райфшнайдер акыркы 2 жылдан бери Бишкек шаарында жашап жүргөн. Ал акыркы жолу 2018-жылдын ноябрь айында жакындары менен байланышкандыктан жакындары санаа тартып, издөө жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2019-02-15 14:50:34
Биздин"дунктор"жагып калып кеткиси келбей журот да))
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан