Өкмөт окуу китептериндеги кеткен каталар үчүн билим берүү министрине сөгүш жарыялады

Бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында окуу китептеринде кеткен каталар тууралуу маселе көтөрүлдү.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпы билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты жана анда кетирилген каталарды айтып, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага сөгүш жарыялады.

Буга чейин бул маселени Жогорку Кеңеште депутаттар бир нече ирет көтөрүшкөн. Ошондой эле эл өкүлдөрү мындай катачылыкка жол берген билим берүү министри жооп бериши керектигин да талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2019-02-15 14:18:33
Кантип ушу окуу китептерин ката жазышат, эптеп эле акчанын күчү менен бүткөн немелер отурат да. Бала китеп окуу менен кайсы сөз кандай жазылат, түшүнүп, билет, аң сезими өнүгөт. Өзүлөрү ушинтип ката жазышат, анан окуучулардан эмнени талап кыла алышат? Ошо китептерин терип атканда мага көрсөтүшсүнчү, каталарын, грамматикасын тууралап, оңдоп берейин. Өзүлөрү билбей атышса
+2
Mikra
2019-02-15 14:25:12
Aikaaaa,Туура айтасыз окуп жатып китептердин каталарын ондойсун ручка карандаш менен.балдар эмнеге ката жазышат деп.оздоруда ондошот коп каталарын.4-кл кыргыз тилинде бир эле суйломдо он ката бар.керек болсо суротко тартып жонотом.просто куйосунда куйосун
+1
Cleo-13
2019-02-15 21:31:19
2-класс тын китеби да толтура ката ошо китеп жазган авторлор да жоопко тартылса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан