2017-жылдын 26-январында Токтогул районунун Ничке-Сай айылындагы Жердик жайлоосунан 23 жаштагы Мирбек Сокубашов аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Андан кийин факт боюнча Токтогул РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери создугуп отуруп эки жыл дегенде иш сотко жеткирилди.
Маркумдун апасы Анара Бусурманова бир нече ирет президентке, укук коргоо органдарына кайрылып чындык таппай жатканын айтып 14-февралда SUPER.KG'ге кайрылды. Анын айтымында, уулунун өлүмүнө райондун Алмаз, Алинур, Азамат аттуу тургундары күнөөлүү болгонуна карабай дале эркиндикте жүрөт.
"Уулум Мирбек тоодо мал карап, бизди жалгыз өзү багып келген. Жолдошум жок, 6 балам менен жалгыз калгам. 2017-жылдын 24-январында Жердик жайлоосунда уулумду Алмаз, Алинур, Азамат аттуу балдар катуу сабап, колу-бутун байлап, карга тумчуктуруп өлтүрүп коюшкан. Угушумча 3 бала тоодон мал уурдашчу экен. Мүмкүн, алардын бир айыбын билип калганы үчүн баламды сарайдан жайлоого алып кетип өлтүрүшкөн.
Анын жансыз денесин алып келгенде кийимдеринен кандын тактары табылган. Ал гана эмес райондогу экспертиза бала катуу буюм менен сабалганын, тумчуктурулганын көрсөткөн жыйынтык чыгарган. Бирок ал балдар ушул күнгө чейин экиндикте жүрүшөт. Ата-энелери тосмо арыз жазып берүүмдү өтүнүп акча сунуштап жүрүштү. Алгач 500 миң сом, андан кийин 700 миң, 1 миллион сомго чейин акча көтөрүп келишти. Бирок балдар жазасын алуусун талап кылып туруп алдым. Бир канча ирет президентке, укук коргоо органдарына арыз жазып, биринен да жооп ала албай калдым. Анткени аларга акыйкаттын жетишине тоскоолдук кылып жаткандар бар. 2018-жылдын декабрь айынын соңунда гана иш "адам өлтүрүү" беренеси менен тергелип бүтүп, сотко келип түштү. Бирок иш сотко жеткенине карабай балдар сыртта жүрүшөт.
11-февралда сот отуруму өтмөк. Бирок ишти Назира Сөлпиева деген судья карай турган болгондуктан мен анын кароосуна каршы чыктым. Себеби иш сотко келгенде эле судья Сөлпиевага келип түшкөн. Бирок ал балдарды камоого чектөө койгон", - деди Бусурманова.
Эки жылдан бери чындык табалбай жүргөн Бусурманова сот алдына 7 облустан 7 аялды алып келип кошок кошушту. Анын белгилешинче, уулун өлтүрдү делип жаткан балдардын жакындары акча берип чындыкты ачыкка чыгарууга тоскоолдук кылып келишүүдө.
"Керек болсо менин жактоочумду да сатып алып коюшту. Ошондуктан 7 облустан 7 аялды чакырып кошок кошууга аргасыз болдум. Мен уулумду өлтүргөндөрдү каматмайынча жөн калбайм", - деди Бусурманова.
Кийкинки соттук отурум 21-февралга белгиленген.
Бул тууралуу SUPER.KG порталы тиешелүү органдардын пикирин угуп жарыялоого даяр.