Ракка кабылган балдарды туура дарылоо анын 90 пайызга айыгуусуна шарт түзө тургандыгы айтылды

Адам медициналык текшерүүдөн өз учурунда өтүп, дароо медициналык жардам алып, дарылоонун туура, бардык жолунан өтсө ракты 90 пайызга жеңүүсү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук кеңеш рак илдетине кабылган балдарды коргоо күнүнө карата өткөн тегерек столдо айтты.

Маалыматка ылайык, бул үчүн өлкөдөгү медициналык материалдык-техникалык базаны күчөтүү зарыл. Мындан тышкары дары-каражаттар менен камсыздоону эл аралык стандартка чыгаруу зарылчылыгы турат.

"Калктын рак илдети тууралуу маалымдуулугун арттыруу, онколог дарыгерлердин билимин жогорулатуу жана онкологиялык илдетке кабылгандарды дарылаган командалардын бири-бири менен тил табышуусу өлкөдөгү рак менен ооруп калган балдардын айыгып кетүүсүнө шарт түзөт", - деп айтылат министрликтин Коомдук кеңешинин маалыматында.

15-февраль - Рак менен ооруган балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул майрамды негиздөө демилгеси 2001-жылы Рак менен ооруган балдардын ата-энелеринин бүткүл дүйнөлүк конфедерациясы (ICCCPO) тарабынан көтөрүлүп чыгып, ошол мезгилден тарта майрам катары кабыл алынган. Биринчи жолу бул күн Люксембургда 15-январда өткөрүлгөн, бирок көп өтпөй майрамдын датасын бир айга жылдырышкан. Статистикага ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө 200 миңге жакын бала рак илдетине чалдыгып, алардын жарымы көз жумат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан