Чек ара кызматында советтик армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы белгиленди

Cоветтик армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу 14-15-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Ардагерлер жаш муун үчүн эрдик боюнча сабактарды өтүп, Ооганстанда кызмат өтөгөн күндөрдү эскеришти. Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев эскерүү митингинде сөз сүйлөп, Ооган согушунда 200 миңден ашуун аскерлер каармандык көрсөткөнүн белгиледи.

“Тилекке каршы, согушта жоготуулар болот экен. Өз милдетин аткарып жатып 13 миңге жакын аскер көз жумду. Жерибизде кан төгүүлөр кайра кайталанбашы үчүн биз аларды унутпашыбыз керек", - деди Шаршеев.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын оперативдүү чек ара тобунун башчысы Вячеслав Безроднов Ооганстандын аймагындагы атайын операцияларда эрдигин көрсөткөн чек арачылардын ролунун маанилүүлүгүн айтты.

Майрамга карата Чек ара кызматынын башчысы интернационал жоокерлерге акчалай сыйлыктарды, Ардак грамота жана медалдарды тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2019-02-16 00:13:52
El jurt emne jabylyk. Jany chykkan miyzamdy ar kim kaalaganday ozgortup bawty aylabttygo. Miyzamdy anda bizda ozubuzgo ilayiktap ondop alsak bolobu kimdin kabary bar
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан