Быйыл айыл чарба тармагын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4 миллион сом бөлүнгөн

Айыл чарба тармагын сугат мезгилине даярдоо үчүн 2019-жылга карата 178,4 миллион сом каралган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Аталган министрликтин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактары 2019-жылдын бүгүнкү күнүнө карата 55,8 миллион сомдук калыбына келтирүү иштерин аткарган. Коюлган 178,4 миллион сомдук план-тапшырманын 31 пайызын түзөт.

Суу чарба курулуштарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоо үчүн 56 ар түрдүү экскаватор, 22 бульдозер, 20 трактор, 15 автокран, 58 автоунаа, 24 фронталдык жүктөгүч жана 1086 адам иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан