Германия Кыргыз мамлекетине жаштардын саясатын колдоо иретинде 4 миллион евро бөлөт

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында Германия Кыргыз мамлекетине берип жаткан грант тууралуу маселе каралууда.

Жыйында депутат Марлен Маматалиев Германия жаштарды колдоо иретинде бөлүп жаткан 4 миллион евро каражат кандай жумшаларын сурады.

Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлү жаштардын өнүгүүсүнө бөлүнүп жаткан каражат 4 компонент менен ишке ашарын билдирди.

"1. Мамлекеттик деңгээлде жаштардын саясатын колдоо;

2. Айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде жаштардын саясатын колдоо;

3. Жаштарды жумушсуздук менен камсыз кылуу үчүн 2 миң еврого чейин каражат бөлүп берүү;

4. Туризм тармагында заман талабына ылайык иштерди алып баруу", - деди аталган комитеттин өкүлү.

Депутат грант катары бөлүнгөн каражат тренингдер менен эле чектелип калбай, өлкөгө пайда алып келүүчү жакшы жыйынтык берүүсү керектигин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
adi.ali94
2019-02-18 11:22:17
Бул акчаны кантип бөлүштүрүп алабыз?кимибизге канча доля тиет деп кызыгып жатсаңар керек а. Жаштарга копейка деле тийбейт.
+5
elchi84
2019-02-18 11:34:03
adi.ali94,Туура айттын жеп салат карап олтурбайт.
+3
u02u02
2019-02-18 11:49:19
Азаттыкта 5 миллион болот деп жазыптыр, биякта 4 миллион уже 1 миллиону жок...
+4
Эльвира Караева
2019-02-18 12:14:37
u02u02, Саламатсызбы, 4 миллион евро деген маалымат так.
0
Daniel01
2019-02-18 13:10:24
Жазындабы адашпасам интернет тармагын онуктуруу учун деп коп эле сумадагы акча болунгон эле ...ушундай жанылыктарлы неге жазасынар аткарбагандан кийин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан