Кайрымдуу эл өмүрүмдү кайтарып берди деген Милан Садыкжан уулу эми башкаларга жардам колун сунууда. Ал өткөн жылы Индияга барып бооруна операция жасаткан. Ага чейин оор илдетке кабылганын айтып, кайрымдуу адамдардан жардам сураган видеосу тараган. SUPER.KG порталы Милан Садыкжан уулу менен маек курду. Учурда ал Индияда башка бейтаптардын айыгып кетүүсүнө көмөк көрсөтүп жүрөт.
- Милан, адегенде бүгүнкү күндө ден соолугуңуз кандай? Сөздү ошондон баштасаңыз...
- Рахмат, жалпы калктын жардамы менен бүгүнкү күндө ден соолугум жакшы. Кудайга шүгүр, чуркап, басып иштеп жүргөн адамдардын катарына кошулат бекенмин же жокпу деп түмөн түйшүк ойлор басчу. Элдин жардамы менен бүгүнкү күндө ден соолугум жакшы.
- Учурда Индияда экенсиз, кандай жумуштар менен барып калдыңыз?
- Бул жактан операция жасатып кайра Кыргыз өлкөсүнө баргандан кийин Баткен районунун тургуну мага кайрылып калды. Ал бир тууганыбыз да ооруп жаткан экен, "Кантип барсам болот? Операция кандайча жүргүзүлөт?" деген суроолор менен кайрылды. Мен бул ооруну башымдан өткөргөндүктөн кол шилтей алган жокмун. Дароо Баткен облусунун жашоочуларына кайрылып, элден каражат топтодук. Учурда ошол бейтап жана Нарын облусунун дагы бир жашоочусуна операция жасатууга кол кабыш кылып жүрөм. Экөөнүн тең бооруна операция жасалат.
- Дарыланып келгенден кийин көптөгөн адамдарга жардам берүүгө аралаша баштадыңыз, башыңыздан өткөн оору жашоого болгон көз карашыңызды өзгөрттүбү?
- Ооба, мындай кыйынчылык башымдан өтпөсө, балким, ооруган адамдарды мынчалык түшүнбөс элем. Илдетке кабылганга чейин эле кайрымдуулук иштерине активдүү катышчумун. Бирок өзүм ооруп калып, кайрымдуу адамдардан жардам сурап, чет элде операция жасатам деген ой келген эмес эле. Ооруп калган учурда жашоодон үмүт үзүлгөн күндөр болду, бирок Жараткан менин айыгышыма себепкерлерди ыроолоду. Айыккандан бери жашоону мурдагыдан да баалап, умтулуум мурдагыдан да күчөдү. Азыр оор илдетке кабылгандарга аны чогуу жеңебиз деп дем бергим келет.
- Бейтаптар үчүн чет өлкөдөн дарыланып келүүгө толук маалымат абдан зарыл, ушул тапта, тилекке каршы, ооруга чалдыгып чет өлкөгө чыгууга мажбур болгондор көп. Ал жарандар адегенде кандай кыйынчылыктарга туш болот экен?
- Ооба, көп кыйынчылыктарга туш болууда. Биринчиси - каражат маселеси, Индияга келип бооруна операция жасатуу үчүн 32-40 миң доллар каражат жумшалат.
Экинчиден, акчаны тапкандан кийин Индияда клиниканы, дарыгерди жана эң маанилүү болгон котормочуну туура тандаш керек.
Үчүнчүдөн, бейтаптарга деп акча топтолуп жатканда ортодо акчаны өз чөнтөгүнө иштетип жибергендер болуп жатат. Ошол нерселерден кылдат болуш керек. Мындан тышкары донор дайын болушу зарыл. Ошол себептен адегенде болгон керектүү маалыматтарды топтоп алган туура. Албетте, мындай абалга туш болгондор жок болсо деп тилейм. Мен ооруп калганда Кыргыз өлкөсүнөн, Өзбекстан, Тажикстандан дарыланып аягында Индияга келдим. Бизде күчтүү дарыгерлер болсо, жабдыктар жок, жабдыктар болсо медициналык кызматкерлер жетишсиз болуп бир топ көйгөйлөр бар экенин көрдүм. Буюрса, бул абал да оңолот деп ишенем.
- Кыргыз эли кайрымдуубу? Сиздин баамыңыз.
- Аябай, мындан 6-7 ай мурун менин абалым тууралуу видео жарыяланганда кайдыгер карабагандар көп экенин көрдүм. Үйгө чейин келип, кыздарым менен кошо ыйлап, абалымды сурап кеткендер, жардам колун сунгандар көп болду. Колунан келбегендер жакшы тилектерин аяшкан жок. Кайрымдуу, берешен кыргыз эли менен сыймыктанып калдым. Жардам сурап жаткандарга төшөктөн турууга себеп болгондордун көп экенине ишенип калдым.
- Келинчегиңиз менен кабарлашпай калганыңызды айткансыз, учурда ал адамдан дайын барбы? Кыздарыңыздын маанайы жакшы болуп калдыбы?
- Ал адам менен байланыш такыр жок. Болбойт дагы деп ойлойм, бактылуу болсо болду. Кызым менен баламдын маанайын, сүйүнүчүн сөз менен айтып жеткире албайм. Мен үйгө барганда экөө мени эч жакка кетирбейбиз деп айланчыктап кечке жанымда. Ата-энем, туугандарым баарыбыздын жашообуз жаркырай түшкөндөй болуп, көтөрүңкү маанайда жашап жатабыз. Баарыбыз менин ушул илдеттен айыкканыма шүгүр келтирип жүрөбүз.