Профсоюздар федерациясынын төрагасы: "Федерациянын кыймылсыз мүлкүн өз алдынча сатууга укугум жок, чечимдер кеңештин жыйынында гана кабыл алынат"

Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү федерациянын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылып Бишкекте митингге чыгып, ал кызматта мыйзамсыз отурганын билдиришкен. Бүгүн, 19-февралда Мирбек Асанакунов бул жагдай боюнча SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.

"Төрага федерациянын кыймылсыз мүлкүн өз алдынча сата албайт. Андай чечимдер Профсоюздар Федерациясынын кеңешинде гана каралып, анан кандайдыр бир чечим кабыл алынат. Уставга ылайык, федерациянын мүлкү бүтүн жана кол тийгис болуп эсептелинет. Мүлктү ажыратуу, кепилдикке коюу КПФнын кеңешинин 29 мүчөсүнүн, республикалык жана борбордук профсоюздардын 20 лидеринин макулдугу менен гана ишке ашат.

Бул кызматка келгенден кийин бир дагы мүлк сатууга кеткен эмес. Чечимдердин баарын мен эмес, кеңеш кабыл алат. Төрагалык кызматта мыйзамсыз отурат деген айыптар боюнча дагы шаардык соттун жана Жогорку соттун чечимин күтүү керек. Шашылыш чечим чыгаруунун кажети жок", - деди Асанакунов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ушул жылдын 6-февралында Профсоюздар федерациясынын мүчөлөрү федерациянын төрагасы кызматка жасалма документ аркылуу шайланып келгенин айтып митингге чыгышкан. Алар бир жылдан бери төрага мыйзамсыз кызматкерлерди жумуштан кетирип, өзүм билемдикке салып жатканын айтышкан. Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү федерациянын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жумуштан кетүүсүн мурда да талап кылып келишкен. 2017-жылы өткөн маалымат жыйынында федерациянын кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Асанакунов жетекчи болуп дайындалгандан бери коррупциялык иштер жасалып жатканын айтып чыгышкан. Былтыр 15-майда да жетекчинин кызматтан кетишин талап кылып жүздөй киши митингге чыккан болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан