Ак Үйдүн астында Профсоюздар федерациясынын төрагасы Асанакуновго каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 15-майда Бишкекте Ак Үйдүн астына жүздөй киши топтолду. Топтолгон тургундар Профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Митингге чыккандардын көпчүлүгү Жалал-Абад облусунан келишкен. Алар колдоруна "Асанакунов кетсин", "Профсоюздун олигархы Асанакунов, кызматтан кет", "Асанакунов коррупционер" деген жазуулары менен плакаттарды көтөрүп алышкан.

Митингдин катышуучуларынын бири: "Жалал-Абад" курортунун жетекчиси Максат Абышкаев канча жылдан бери жакшы иштерди аткарып келе жатат. Бирок Асанакунов ага тынчтык бербей, улам текшерүүгө алдыра берет. Асанакунов өзү Жалал-Абадда болду, бирок курортко барган жок, чын эле Абышкаев иштебей жатса, өзү барып жолукпайбы?! Биз митингге чыккандан кийин төрага курортко дагы 2 кишини жөнөтүп, Абышкаевдин ишинен кынтык тапкыла дептир", - деди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү федерациянын азыркы жетекчиси Мирбек Асанакуновдун жумуштан кетүүсүн мурда да талап кылып келишкен. Өткөн жылдын 28-июнунда өткөн маалымат жыйынында федерациянын кеңешинин мүчөлөрү Мирбек Асанакунов жетекчи болуп дайындалгандан бери коррупциялык иштер жасалып, өтмүшү күмөн жараткан адамдар кызматка алынып жатканын белгилешкен.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Асанакуновго байланышуу аракеттерин көрүүдө. Редакция 2-тараптын пикирин угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mambetali
2018-05-15 16:21:49
Ушул Профсоюздар федерациясын жоюп эле салыш керек... бир жарытаарлык жумуш кылышбайт
+3
kalpak.kg92
2018-05-15 16:49:31
Олуп кетсин жеген болсо жооп берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан